Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Конституциялык кеңешмеде орус тилинин расмий макамын алып салуу боюнча айтылган сунуш боюнча комментарий берди.
Кеңешменин жыйынында мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн Конституциядан расмий тилди алып салууну сунуштаган.
«Бул тек гана Садирдин Төралиевдин көз карашы. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ар тараптан чогулган, ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул бир адамдын гана ою, жыйынтыгында баары бир пикирге келет деп ишенебиз. Президенттик аппаратта орус тилинин расмий макамын алып салуу идеясы каралган эмес», — деди Анаркулов.
Учурда Кыргызстанда кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий тил макамына ээ.