Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун катышуусу менен «Кыргыз Республикасында маданият жаатында маданий ресурстарды башкаруу тутумун түзүү жана адамдык ресурстарды чыңдоо» долбоорунун онлайн бет ачаары болуп өттү.
Долбоордун демилгечилери — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү департаменти жана Азия маданий борбору, Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлиги болуп саналат.
Долбоордун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын маданият жана маданият тармагын башкаруу боюнча мамлекеттик органга маданий ресурстарды башкаруу тутумун түзүү жана Кыргыз Республикасынын маданият жаатында адам ресурстарынын потенциалын чыңдоо аркылуу жардам берүүгө багытталат.
Долбоор ишке ашса, төмөнкү натыйжалар күтүлөт:
— Кыргыз Республикасынын маданият тармагындагы мамлекеттик башкарууну кеңейтүү, маданий ресурстарды натыйжалуу борборлоштуруу / бирдиктүү башкаруу жана технологияларды, анын ичинде Кыргызстандагы маданий ресурстарды модернизациялоо / санариптештирүү / инновациялоо;
— Кыргыз Республикасынын калкына санариптик форматта маданий ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана маданий ар түрдүүлүктү таануу жана маданий ресурстарды сактоо жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;
— Жарандык коомдун, маданий алып жүрүүчүлөрдүн, маданий топтордун жана жамааттардын, жаратуучулардын, аймактык кол өнөрчүлөрдүн (шырдактын) жумуш орундарын түзүүгө алып келүүчү маданий ресурстарын пайдалануу менен маданий баалуулуктарды өнүктүрүү болуп саналат.