Баткен шаарынын Тазалык ишканасына 5 унаа келди. Бул тууралуу Баткен мэриясынын маалымат катчысы билдирди. Учурда шаар ичин тазалоо иштерин баштаган. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда шаар тургундары тазалык ишине нараазы экенин айтып келген. Эми унаалар келип, таштандыларды убагында алып кетет деген ишеничте.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүн, шаардын аймактарындагы арыктарды чабып, арык ичиндеги жана жол четиндеги, эс алуу бактарындагы таштандыларды жыйнап, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин Баткен шаарындагы тазалык иштерине шаар мэриясынын кош көңүл болуп жатканы боюнча шаар активисттери жана бир канча ММК өкүлдөрү чагылдырган эле. Анын катарында Баткен Деми баракчасы да шаардын так ортосундагы аялдамалардын жанында чачылып, иретсиз болуп турган бир топ таштандыларды жана анын айланасында жүргөн жолбун иттерди көчө кезип жүргөнүн соц тармактарга чыгарган. Шаар тазалыгын мэрия эле эмес ар бир жашоочу өзүнүн короосундай мамиле жасап, кайдыгер карабаса, мындан кийинки Баткен шаары өлкөдөгү эң жашыл, таза шаар болот деген ишеничтебиз.