Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу, учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаров коомдо талкууланып жаткан орус тилинин статусу боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган:
«…Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилинин официалдуу статусун алып салууну сунуштады.
Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот.
Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек».