Жыл аягына чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун пенсиясына 296 миң сом бөлүнөт

15-октябрда кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбеков КРнын экс-президенти статусуна ээ. Белгилүү болгондой, бул статус ага бир катар артыкчылыктарды, анын ичинде мыйзамда каралган жакшы пенсияны берет.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы экс-президенттин канча пенсия ала турганын журналисттерге айтып берди.

Маалыматка ылайык, экс-президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алат.

“Ушул жылдын аягына чейин Каржы министрлиги экс-президент Сооронбай Жээнбековго 296 миң сом өлчөмүндө пенсия бөлөт. Биз акча гана бөлөбүз, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы анын өлчөмүн белгилейт. Кийинки жылы Жээнбеков кандай пенсия алат деп айта албайбыз”, – деди Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.