Кайрымдуулук иштерин жасап, муктаж адамдарга жакшылык жасоо менен коомго үлгү көрсөткөн “Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты”  бул ирет кезектеги кайрымдуулук ишин Бишкек шаарындагы “Карагат” чайханасында өткөрдү.

Уюштуруучулардын бири Инаят Ниматованын “Кадам медиа.кж” маалымат порталына берген маалыматына ылайык, аталган жамаат бул иш-чараны социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында уюштурган.

Курамына 55 ишкер айымды камтыган жамаат, иш-чарада жаш балдардан тартып чоңдордун кышкы кийимдерине чейин акысыз таратып,  муктаж болгон элге жардам беришти. Кийим-кечелердин баары жаңы жана жергиликтүү ишканалардан даярдалгандар. Иш-чарага алдын ала дайындалган тизме менен 1000дей киши чакырылып, 2 млн сомдон ашуун суммадагы 7 миң кийим-кече таратылган.

“Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты”  бул жөрөлгөнү эстафета иретинде, шаардагы көрүнүктүү дүкөндөргө, базарларга, чоң-чоң соода түйүндөргө өткөрүп беришкенин айтышты.