Түндүк Кореяда адамдар өлүм жазасына тартылып, баш калаа жабылып, балык уулоо жана туз казуу иштери токтотулган. Бул тууралуу New York Times гезити республиканын Улуттук чалгындоо агенттигинин (NIS) докладын жакшы билген Түштүк Кореянын расмий адамдарына шилтеме берүү менен жазды.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы берген доклатында, КЭДРдин лидери Ким Чен Ын акыркы мезгилдерде «ашыкча ачууланып, акылга сыйбаган чечимдерди кабыл алганы» байкалган. Ошентип, ал кеминде эки адамды өлүм жазасына тартууну буйруду. Алардын бири акча алмаштыруучу жайда иштеген, ага «валюта курсунун өсүшүнө тиешеси бар» деп айып тагылган. Дагы бири чет өлкөдөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө жол берген деген бажы кызматкери. Өлүм жазасына тартылгандардын өздүгү айтылган жок.

Мындан тышкары, Ким Чен Ын өлкөнүн борбору Пхеньянды жабууну чечкен, деп белгилейт “Ассошиэйтед Пресс”. Ага чейин, ноябрдын башында бийлик Хизан портун, Раджин шаарын жана Нампо портун жаап салган. Өлкө ошондой эле балык уулоону жана туз казууну убактылуу токтотту: бийлик деңиз суулары COVID-19 менен булганып калышы мүмкүн деп кооптонууда.

Түндүк Корея өлкөсү тышкы жардамга муктаж эместигин дайыма баса белгилеп келген. Бүткүл дүйнөдө орун алган пандемия учурунда өлкөдө коронавирус инфекциясынын бир дагы учуру катталган  эмес, вируска шектүү бир гана жолу байкалган.