“Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”, — дегендей эптеп эркиндикке чыккан Өмүрбек Текебаев кайрадан тепилдеп сахнада. Акчанын баары “сахнада” экенин, кургурум жакшы билет эмеспи.
Сооронбай Шариповичти “тактыдан” татыктуу узатууга “митингге” чыккан жаштарга аралашып, акылын айтып, акырын жылып 2010-жылдагыдай жылуу орунду баса калуунун көздөп барган Чиркешовичти, жаштар чийинге да жолотпой коюшкан эле. Ошондон бери ою онго, санаасы санга бөлүнүп, канткенде сахнаны ээлеп калам деп санаа тартууда. Отуз жылдан бери саясатта жүрүп, өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн орок оргон бул кайран оппозициячыл саясатчыга алтымыштан ашса дагы акыл кириши кыйын окшойт. Же миллиондогон долларды жеп, өзүнүн жан сакчысы Нурбек Абдрахманов Маевский менен жолукканы тууралуу көргөзмө берсе дагы, көргөн эмесмин деп көз көрүнө таанып, бет тырмалыкка салып, акыры абактан чыгып кетсе болорун, жакшы өздөштүрүп алган өңдөнөт. Кайран Чиркешович бир миллион долларды мамлекеттик кызматтан кайдан тапмак. Андай акча үчүн эки жыл абакка отуруп кою, оңой кутулуу эмеспи. Эми кайра атка учкашпай, бир кызматка илинбей, куру-жалак калаарын сезгенде, буту күйгөн тооктой чуркай баштады. Өзү тойсо да көзү тойбой, кандай амал менен, майлуу-сүтүү орунду басып калууну көздөп тургандай.
Бир кезде Бакиевди сындап, оппозициянын ана башы болгондугу үчүн эл аны анча-мынча кадырлачу эле. Кийин конституцияны жазып, “мыйзамдын” атасына айланып, Кыргызстанды каалагандай калчамакка бел байлап, алдынан чыккан саясатчыларды кызматтан пешкадай эле ыргыттыго чиркин. Алгач спикерликтен Акматбек Келдибековду, андан кийин бир аттын арты менен адашы Өмүрбек Бабановду премьерликтен алып түшкөн эле. Өзүнүн кызыкчылыгы ишке ашып турганда Атамбаевди алкап турду, анын кылган “кыйшык” иштерин көрсө дагы көрмөксөн болуп жүрдү. Бирок өзүнүн кыңыр иштери, сыртка кылкылдап чыкканда, дароо оппозицияга өтө калып, жээктин аркы бети боло калды эле.
Текебаевдин миллиондогон долларларды кымтып алып, аз эле убакыттын ичинде бардар адамга айлынып калганын өзүнүн кесиптеш “эл өкүлдөрү” айтып эле жүрүштү. 2010-жылга чейин эл катары жашаган, эптеп үй-бүлөсөн баккан, Чиркешович бат эле, бир топ мүлктүн ээси болуп чыга келди. Ошентип Кыргызстанды аңга кептегендердин сап башында турарын өзү да жакшы билсе керек . Азыр Текебаев дегенде эл тескери карайт. Колунда бийлик турганда, депутат болуп, бир фракцияны жетектеп, көп нерсени өзү чечип жүргөндө мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошпостон, өзүнүн жеке байлыгынын өсүшүнө жүгүргөнүн, ал тургай менчик телеканалдарды да ачканын жакшы билебиз. Же анын ою боюнча абакка бир аз отуруп койсо эле сугунган миллиондору аш болуп кете береби?
Сүттөн ак болуп өзүн канчалык ак көргөзбөсүн анын кылган кыңыр иштери бир топ адамга маалым экендиги Өмүрбек Суваналивдин “Азаттыкка” берген кечээги маегинде дагы бир жолу күбө боло алдык. Орус ишкери Алексей Модин Текебаев менен Маевскийдин ортосунда ортомчул болгондугун Суваналиевге дагы айткандыгын билинди.Текебаевдин каратып туруп калп айтып, мамлекетке кыянаттык кылып жатканына мындан артык кандай далил керек?! Учурда эл кредиттен башы чыкпай, айдан айга жетпеген айлыктары колуна тийбей, жарыбаган пенсиясын ала албай, ага аз келгенсип короновирусу кошул-ташыл болуп, ага дары-дармек таппай, акыркы малын сатып, кыйналып турган учурда миллиондогон долларларды уурдаган, мамлекетке залал тийгизген ушундай адамдар саясый шоу уюштуруп, креслого илинип калуунун аракетин кылып жатканы туурабы? Булардын орду түрмөдө да эмес, буларды өлкөдөн кууп чыгып, сүргүнгө айдоо керек. Туулган жердин абасын жыттап, суусун ичүүгө татыктуу эмес. Минтип миллондоп жеп, өзүнүн артындагы кылбыры кыкка аралашып турган адамдын акыл үйрөтүүгү моралдык укугу барбы?!