Түнкү саат бирлер чамасы. Үй ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Парда жылчыксыз тартылгандыктан, сырттан бир да шоола түшпөйт. Төшөктүн наркы четинде бирөө бышылдап уктап атат. Бери жагында дагы бирөө. Бирок, анда уйку жок. Канча аракет кылса да уктай албай ойдолойт. Нары оодарылат, жок. Бери оодарылат, жок.
Чүмкөнүп көрдү, ачынып көрдү, жаздыкты бүктөдү, жуурканды оронду. Шейшепти түрдү, ал тургай дем албай да жатып көрдү.
Жок. Уйкудан бир тамчы жок. Ансайын үшкүрүнөт. Бир маалда жанында эле бышылдап уктап аткан аялына көзү илинди. Жыргап уктап атат. Дүйнөнү топон-суу каптаса туйчудай эмес.
Анан беркини ой басты… Уктоо аракетин да унутуп, катуу ойго чөмүп кетти.
«Буга эмне, уктайт да» деп ойлонуп атты ал. «Мына, азыр Марадонна өлүптүрбү деп сурап көрчү. Билбейт. Тоолуу Карабак кимдики эле дечи. Аны да билбейт. Кудай урсун, билбейт. Ал тургай ал жердин атын да айта албайт болуш керек. А тиги Жо Байденди дегеле тааныган эмес. Уктайт да анан. Аякты койдум, эй кечээ митингге канча киши чыкты, ошону да билбейт бул. Кызыккан да эмес. Аны кимдер уюштурду, кимдер таш ыргытты, канча милиция тартылды, урганы да жок. Атамбаев кайда жатат? Текебаевдин мандаты эмне болду? Жанар сол бутунан жарадар болдубу, же оң бутунан жарадар болдубу? Нарын сууда крокодил барбы?..»
Ушул жерден аялы эсинен чыга түштү.
«Чын эле Нарын суудан крокодил табылдыбы» деп ойлонуп кетти ал. Себеби, так ушул учурда көз алдына ютубдагы бир тасманын темасы тартыла калды. «Нарын суудан крокодил табылды» деп бакыя жазылып турган тасма. Ал тургай крокодилдин да сүрөтү бар болчу. «Бирок, биздин суукта жашай албайт го» деди кайра. «Ал деген суудан нары-бери өткөн жаныбарларды жеп жашайт. Нарын суудан кайсы жаныбар өтмөк эле? Нарындыктар өзүн жеп, терисинен ноо жасап салбайбы…
Бирок, кээде сууга кой-пойдун өлүгүн ыргытып ийишет эмеспи. Ошону жеп жашап жүргөндүр. Суунун башында канча айыл бар. Күнүгө бир айыл бир өлүк салып турса… Жашагыдай… Анда эле Каныбек өлдү го» ушул маалда көзүнө дагы аялы илинди.
«Мына, бул керек болсо Каныбекти да тааныбайт, крокодилди айтасың.
Анан бул жыргап уктабаганда мен уктаймбы? Эч нерсе менен иши жок. Жириновский эмне деди, Эрдоган еврейлерге эмне деп кыйкырды, орустар бизди качан кошуп алат, чечендер эмнеге өзүнчө жашагысы келе берет. Иий, деги койчу. Эмне деген окуялар болуп атат дүйнөдө? А бул болсо беймарал. Топон-суу каптаса да беймарал. Ээхх!
Ушундай неме менен жашап атам… Кызыксыз… Атаганат, балдар болбогондо… Баса, тигил жаш министр дагы жанагы немелерден чыккан турбайбы. Ошолор балакет экен. Байкуш Эрдоганды өлтүрөбүз деп танка менен ак үйгө жөнөшүптүр.
Бечара, ошол маалда башка жакта болуп калган экен, болбосо атып салышмак окшойт. Түндө уктап атканда танка менен бир атса Ак үй бүт күм-жам болбойбу. Эрдоган бала-бакырасы менен жок болмок. Америка кыйын! Бүт окутат турбайбы. Бизде да Садырга каршы ошолор иштеп атыптыр дейт. Кайран Садыр! Андан эч нерсени аябаш керек…»
Ушунтип алып аялын тигиле карап калды.
«Жок» деди анан. «Бул макул болбойт баары бир. Сага беш бала тууганым жетишет дебейби».
Нааразы болгондой нары оодарылды. «Карачы, буга баары бир. Эл Садыр үчүн баарын берүүгө даяр. А бул бышылдап уктап атат. Иши да жок. Эч нерсе менен иши жок. Өлкө кандай абалда турат. Уктачу убакпы азыр? Тигине туш-туштан талап жегени калышты. А буга баары бир. Өткөндө шайлоодо дагы жинге тийген. Канча айттым. «Жок дегенде барып катталып койчу. Эки миң сом беришет экен» десем да көнбөй койду. «Миң сомун ал дагы, андан кийин кааласаң шайлоосуна барбай кой» дедим. Жок деп болбойт. «Уят да» деп койгондо кантейин. Ой ары жок! Керек болсо зектер деле мамлекеттин эсебинен жашап атпайбы. Алардын жанында бизге берилген эки миң эмне болуп калыптыр. Андан кийин да шүмшүйүп бөөдө акчадан куру калтырды. Ой барып колдоп койолу. Мейманканага жаткырышат экен. Автобус менен ташышат экен. Тамак-аш бүт бекер. Акча да берип атыптыр. Барып эле кыйкырып туралы дедим.
Анда да болбоду. Балдар мектептен калат деп туруп албадыбы. Олда энеңдурайын ай! Мектептен калса эмне болуп кетмек эле? Баягы эле китеп да. Баягы эле мугалим. Ушу мугалимдери дагы оору-сыркоо жалмабаган, кырылып өлбөгөн немелер экен! Өңгө ооруса да ушулар оорубайт эй! Бакандай болгон министрлер, депутаттар, бизнесмендер кете берди оорудан. Ал тургай доктурлар да чыгым болду. Бир мугалим жыгылган жок. Бир мугалим! Жашоо ушулардыкы бейм! Химия кабинетиндеги таза спирттерден жутуп алса эле бүттү да, аларга кайсы вирус жолойт эле. Баягыда кароолчуну жакшы эле алдадым. Өзү деле көңүлдөнүп калган… Кайсы идишке куюп чыксам деп кайсалап атты эле. Аялы келип калбадыбы.. Аай ата. Зуураш кылат да кылгылыкты…»
Жүзү жымыңдап кайра бери карады. «Кылтылдаган, Зуураш. Жылтылдаган Зуураш. Өткөндө ушунтип койсом ан сайын жылтылдап алыптыр. Эки тиши жок немени тим эле сүйүп аткансып. «Шадырга барып келбейлиби» дегенин кантейин. Шадыр эле ошого тукум бере койчудай болуп. Оой, энеңди…»
Ошентип ардемени ойлоп атып таңга жуук уктап кеткен экен. Бир маалда ойгонсо аялы бут алдында сүйлөнүп атат.
— Оо, очойгон келесоо! Күнүгө ушунтип керели-кечке уктайсың! Жок дегенде телефонду карап койбойсуңбу! Цехти карап, кыздарга жумуш берип келгиче уктадыңбы! Же бир элдей болуп машина айдаганды билбейсиң, же бир лампочка бураганды билбейсиң! Кечээ Стамбулга которуп ийчи деген акчаны эмне кылдың эле? Туура эмес котордуңбу дагы! Өткөндөгүдөй болуп атыңды туура эмес жазган жок белең! Консульстводон чалып атат, миң доллар тургай бир тыйын түшкөн жок дейт. Мен эми дагы счеттон акча аламбы?!…
Терезени бир карап алып эчак түш болгонун көрдү да, төшөктөн ыргып туруп кийине калып шыпылдап төшөк жыйнап кирди…
Насыпбек Асанбаев