Акыркы суткада 423 кишиден коронавирус табылып, 461 адам айыгып, 6 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 423 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 130,

Ош шаарында – 16,

Чүй облусунда – 102,

Ош облусунда – 35,

Талас облусунда – 17,

Нарын облусунда – 11,

Ысык-Көл облусунда – 33,

Жалал-Абад облусунда – 50,

Баткен облусунда 29 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 461 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте – 128, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 25, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 61, Баткен облусунда 53 киши айыкты” – деп билдирет республикалык штаб.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 киши каза болгон: Бишкекте – 3 киши, Нарын облусунда – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1 адам.