Бишкек мэриясы жана «Дордой» ассоциациясы экологиялык таза коомдук транспорту бар жаңы каттамды баштады. Бул тууралуу «Дордой» ассоциациясынын сайтында маалымдалды.

Дордой соода-базар комплекси менен Дордой азык-түлүк базарынын ортосунда трассада газ менен иштеген 15 жаңы автобус каттай баштады.

Мындан тышкары, сегиз автобусу бар 153 номериндеги дагы бир линияны ишке киргизүү мерчемделүүдө.

«Дордой» ассоциациясынын президенти белгилегендей, жакын арада газ менен жүрүүчү автобустардын бардыгы башка линияларга чыгарылат жана ошону менен Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун жана маршруттардын жетишсиздиги боюнча айрым маселелер чечилет, ошондой эле абанын булганышына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу аракети көрүлүүдө.

«Биз шаардын экологиясын көзөмөлдөшүбүз керек, жаратылыш газы жана электр энергиясы менен иштеген автобустарды жана жеңил унааларды көбүрөөк алып келишибиз керек», — деди «Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү.