КыргызРеспубликасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Сегизбаевдин саясий куугунтукка алынгандыгы жөнүндө билдирүүлөрүнө карата өзүнүн позициясы жөнүндө коомчулукка маалымат берүү зарылдыгын эсептейт.

Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып кетишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдайт.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага контрабандалык жол менен ташылып бараткан салмагы 22 килограммданашуун алтын зергер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча УКМК ошол учурдагы жетекчилигитергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген, натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке 6 миллион сомдон ашуун келтирилген зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМК мурдагы кызматкери Б.Э кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Д.Чоткораев күбө катары суракка алынды.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча УКМК мурунку жетекчилигинин аракеттерине коомчулукка маалымат берүү менен бирге акыркы юридикалык баа берилмекчи.