Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров учурда сунушталып жаткан Конституция тууралуу пикирин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

«Эл ушунчалык кыйналды. Ошондон улам, алар: «Мейли, хан келип, жашооону өзгөртө турган болсо болду», — деп калышты. Карапайым калкты жете турган жерине жеткирдик, алар өзгөрүүнү талап кылып жатат.

Бирок, элге курултай керекпи, же Жогорку Кеңеш керекпи? Айтоор, билбей жатат. Алар «кредиттен кутулсак жана чет жердеги балдарыбыз аман-эсен келсе болду» — деп калышты. Ушундай эмоция менен чечим кабыл алышуууда. Конституцияны шашпай талкууулап, туура чечим кабыл алышыбыз керек.Биринчи  кезекте сапаттуу парламентти түптөшүбүз керек. Анан ошол жерден жакшы Конституция жаралышы ыктымал. Азыркы Конституция өтүп кетет турган болсо кайра төңкөрүш болуп кетиши ыктымал. Элдин үнү акталбаса жаңы бийликтин өмүрү кыска болот», — деген Кочкоров.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген. 27-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы берилген арызга ылайык министрдин кызматынан бошотулганын жарыялаган.

Бирок кийинчерээк Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбагандыгын, мындай маалымат тууралуу социалдык тармактардан билгенин айткан.