Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ден соолугу начарлап, ооруканага жатканы кабарланган эле. Акыркы күндөрү социалдык тармактар аркылуу Камчыбек Ташиевдин миңдеген тарапташтары кабатырланып, батыраак айыгып кетишин каалап, билдирүүлөрдү калтырып жаткан. Бүгүн дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
«Урматтуу Кыргыз калкым!
Эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдынар, миңдеген миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты, мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын.
Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм Кыргыз элимдики, эми мындан да каттуураак иштеймин, үлгүрүш керек…» — дейт кайрылуусунда Камчыбек Ташиев.