Эртең, 1-декабрдан тарта «Унаа» ишканасынын «РИОМ» унаа базарында жайгашкан аймактар аралык секторунун иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Аталган бөлүм дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү иштеп, бейшемби жана жума күндөрү иштебейт. Иш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин, түшкү тыныгуу – 12:00-13:00.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин борбордук аппаратынын жана жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш графиги өзгөргөн жок. Дүйшөмбү-жума күндөрү иш күндөрү болсо, дем алыш күндөр – ишемби жана жекшемби”, — деп билдирет Каттоо кызматы.