Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган дагы 380 киши аныкталды. Ошол эле учурда дагы 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жаңы жуктуруп алгандар аймактар боюнча:

Бишкек – 137
Ош – 4
Чүй- 79
Ош облусу – 18
Талас – 19
Нарын – 10
Ысык-Көл – 38
Жалал-Абад – 48
Баткен – 27

Өткөн суткада коронавирустан каза тапкан адамдар аймактар боюнча.

Алар:

Бишкек шаарында – 1;
Чүй облусунда — 1;
Ош облусунда — 1;
Талас облусунда — 2.

Ошону менен көз жумгандардын жалпы саны 1 271ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 833 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 113 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:
45 — канааттандырарлык абалда;
1 942 — орто оор;
733 — оор;
113 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 772 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.