2020-жылдын 9 ай ичинде Юстиция министрлигинен 300дөй аял үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адвокаттык жардам алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан тарта адвокаттар зордук-зомбулук боюнча билимин жогорулатып, атайын тизме түзүлөт.

«Ушул жылдын 9 ай аралыгында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 1 миң 163 жаранга укуктук кеп-кеңеш берилди. Ошондой эле 300дөй аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча адвокаттык жардам көрсөтүлдү», — дейт ал.

Калбеков кошумчалагандай, Кыргызстанда иштеп жаткан адвокаттардын саны 2 миң 500 адамды түзөт. Жалпы 4 миңден ашык адвокатка лицензия берилген.