Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара бүгүн, 30-ноябрда, башталып, 5-декабрга чейин уланмакчы.

“Декаданын негизги максаты — калктын аяр катмарынын укугун корголушун күчөтүү жана элге юридикалык жардам көрсөтүү менен бул жааттагы сабатын арттыруу. Ошондой эле сот адилеттигине жетүүнү камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, декада 10-декабрда белгилене турчу Адам укугунун күнүнө арналат. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Генералдык ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган.

Декада Юстиция министрлиги менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор тарабынан уюштурулуп, ага бир катар эл аралык уюмдар көмөктөшүп жатат.

Декаданын программасы жана акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүүчү борборлор жана аймактык юстиция башкармалыктарынын даректери менен төмөнкү жактардан таанышууга болот:

  • Юстиция министрлигинин сайтынан жана  Facebook баракчасынан;
  • Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун сайтынан жана Facebook баракчасынан;
  • Иш-чара тууралуу суроолор жаралса (0312) 62-62-10 (кошумчалоо, 201, 200, 198, 209, 202, 206), 0770 45 91 17, 0553 04 04 86 (Каракол шаары), 0555 22 58 32 (Ош шаары), 0555 82 00 номерлерине чалууга болот.