Бүгүн “Кабар” агенттигинде Төлөнбай Жолдошевдин “Манас” эпосунун негизинде жазылган 5 томдук романынын бет ачары болду.

Автордун айтымында, ал “Манас” романын Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жазууда. Романдын 2 томдугунун бет ачары былтыр болуп өткөн. Азырынча 5 томдук ар бири 100дөн 500 нуска болуп чыккан. Роман “Манас” эпосуна кызыккан жалпы окурмандарга жана мектеп окуучуларына арналган.

“Эпосто айтылган негизги сюжеттик окуялар толугу менен сакталды. Романдын биринчи тому кыргыздардын калмактардан жеңилип, Ала-Тоодон Алтайга сүрүлүп кетиши менен башталып, бешинчи том Манастын Чоң казатка барып келип, Коңурбайдын колунан каза болушу менен бүтөт”, — деди ал.

Ал алгач 2015-жылы “Манас” эпосун сценарий түрүндө жазып, “Кыргызфильм” киностудиясына алып барган. Бирок тасма тартууга көп каражат талап кылынгандыктан, сценарист, жазуучу Талип Ибрагимов эпосту кара сөз түрүндө роман кылып жазууну сунуштаган.

Жолдошев романдын кеңири жайылышы үчүн 5 томдуктун биринчи томун орус тилине которгон. Ошондой эле романдын биринчи тому өзбек тилине которулган. Бирок азырынча алар китеп болуп чыга элек.

Учурда Төлөнбай Жолдошев китеп менен бирге “Роман-Эпос” гезитин ачып, ага романдын үзүндүлөрүн жарыялай баштаган. Азырынча ал гезиттин биринчи номери чыккан. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн эпосту жакшы өздөштүрүүсү үчүн иш дептерин чыгарган.

Бирок Жолдошев китепти чыгарууга көп каражат кеткендиктен, романды көп нускада чыгарууга каражат табылбай жатканын айтып өттү.

Учурда ал “Манас” үчилтигинин Семетей бөлүгү боюнча роман жаза баштаган. Анын айтымында, эпостун “Семетей” бөлүгү 10-15 том болушу мүмкүн.