УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Анын кабылдамасына байланышканыбызда Ташиев ооруканадан чыкканын тастыкташты. Бирок жумушка чыкканы же чыкпагандыгы тууралуу маалымат беришкен жок деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганы маалымдалган. Социалдык тармактын колдонуучулары анын оорусу олуттуу экенин кабарлап жатышат. Ал эми Камчыбек Ташиев айтылган кептер боюнча пикир билдирип, өз абалы боюнча жеке баракчасына билдирүү жасаган.