“Женго” каймана аты бар Уюшкан Кылмыштуу Топтун мүчөсүнө издөө жарыяланды
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ведомство уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантууда.
Анын негизинде К.Досоновдун (каймана аты Женго) бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.
2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланды.
УКМК учурда Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогун аныктоодо.