Белгилүү журналист Күнболот Момоконов фейсбук социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чек ара боюнча бийликке кайрылуу жасады:
«Бүтпөс чек ара чыры. Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат дейт жашоочулар. Бийлик тараптан кандай реакция болуп жатат?
Жакында жардам беришти эле же жаагыбыз жап болобу?
Жакырлыгыбыз күн санап күчөп, итке сөөк ыргыткандай жардам беришип, бирок минтип билгизбей жерибизден керте берсе эмнебиз калат?
Ойлонолу, жакырлык акыры жардам алуудан дагы жалтак кыла турган болду. А биз кайдагы саясат, бийлик талашмай менен алекпиз. Азыр биз 30 жылда ойлонулбаган ойду, кылбаган ынтымакты, жасабаган реформаны кылып, ачылбаган коррупцияны ача турган учур болчу!
Мекен үчүн эмес, бийлик үчүн арыбызды, алыбызды карабаган, кадрды эмес кадырыбызды караган эл экенибизди көргөзүп жатабыз. Пиарщиктер менен жулунган «иттердин» эле заманы болуп калыпыр» — дейт кайрылууда.