Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалымат алышкан. Аны кармоо максатында, ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, борбор калаадан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалды.
Айтылган жаран бир катар кылмыштарды жасагандыгы, анын ичинде алдамчылык аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы.
2016-жылдын жаз айларында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберип, 4000 АКШ доллар өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган.
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы