Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу МамДуманын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге ылайык, төраганын иш-сапары 7-декабрга белгиленген.
30-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовго кайрылып, көпчүлүк маселелерди 7-декабрда Россиядан жолукканда талкуулашарын белгилеген.