Президенттикке талапкер Садыр Жапаров уулу Рустамдын уулунун кайын журтуна барды. Саясатчы кудаларынын алдынан өтүп жаткан видеосун Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов социалдык тармагына бөлүштү.
Жапаров абакта жатканда уулу Рустам үйлөнгөн, бирок кудаларынын алдынан өтүшкөн эмес. Анын себебин саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова жолдошунун камактан чыгышын күтүп жатышканын айткан. Рустам Жапаровдун учурда бир жашка чыга элек кызы бар.