Экс-парламенттин депутаты Садык Шер-Нияздын президенттик жарышка катышуудан баш тартуусу – бул анын жеке тандоосу, аны сыйлаш керек. Мындай пикирин журналисттерге президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев билдирди.

“Бул анын жеке тандоосу. Менин оюмча, анын себеби бар. Эң башкысы, ал парламентаризм үчүн. Ар бир талапкердин тандоосун урматтап, түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Мен конституциялык реформаны колдойм, бирок аны мындай кыска мөөнөттө жана башка форматта жүргүзбөш керек. Европа бирлиги, Венеция комиссиясы сыяктуу эл аралык уюмдардын пикирин эске алуу керек. Алгач стабилдүүлүк жөнүндө ойлонушубуз керек”, – деди Каныбек Иманалиев.

Бүгүн, 30-ноябрда Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садык Шер-Нияз шайлоо жарышынан өз талапкерлигин алып салып жаткандыгын жарыялаган. Ал Садыр Жапаровду колдоорун билдирген.