700 аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, улгайган жана майыптыгы бар адамдарга азык-түлүк топтому жана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды.
Ошондой эле, Бишкек шаарында иштеген 84 социалдык кызматкерлерге коргоочу костюмдар, тазалоочу каражаттар, медициналык маскалар жана азык-түлүк топтомдору берилди.
Гуманитардык жардамды «Тең мүмкүнчүлүктөр» социалдык борбору көрсөттү. Мындан тышкары, аталган борбор улгайган адамдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга мобилдик тиркемелерди колдонууну, компьютердик сабаттуулукту үйрөтүүдө, угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орношуусуна жардам көрсөтүүдө.