Негизи биздин кыргызстандыктар бийликти аябай жакшы көрөбүз. Саясатка
аралашып жүргөндөрүн мындай кой, коомдук иштерге аралашып, анча-мынча эле
төбөсү көрүнө калгандарың деле өздөрүн президенттикке татыктуу эсептешет.
Президенттик шайлоо болгон сайын талапкерлигин койгондорду көрө берип, таң
калбай деле калдык. Мөөнөтүнөн мурун өтүп жаткан быйылкы президенттик
шайлоодо дагы кыргыз истеблишменти баягы адатын карматты. Ансыз болмокпу?
Анда эмесе, Кыргызстанды башкарууну каалаган талапкерлерди тараза ташына
салып көрөлү. Албетте бул жолку жарыштын фаворити — Садыр Жапаров. Мындай
фактыны анын ашынган каршылаштары деле аргасыз моюнга алып жатышат.
Садыр Жапаровго негизги аттандаштыкты Адахан Мадумаров көрсөткөнү турат.
Калган талапкерлердин кызыкчылыгы башкада. Мисалы президенттик
шайлоолорго үзбөй катышып жүргөн Турсунбай Бакир уулу, Арслан Малиев,
Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиевалардын мүдөөсү өздөрүнүн саясий аренада
бар экенин эске салып коюуу. Бабур Тольбаев, Аймен Ксеновго окшогондорго бул
шайлоо жөн гана жарнамалык долбоор. Баса быйылкы президенттик шайлоо дагы
бир олутту саясий окуя — Конституциялык реформа менен коштолуп жаткандыгын
да баса белгилеп кетүүбүз керек. Бул реформанын ишке ашуусуна караманча
каршы болгон батышчыл саясий топ бар. Тагыраагы Өмүрбек Текебаев жана анын
командасы. “Ата-Мекенчилер” бул шайлоого Садык Шерди, Каныбек
Иманалиевди, Элдар Абакировду салды. Алардын максаты — негизги талапкердин
добушун кандай да болсо бөлүп-жаруу. Акыркы күндөрдөгү аракеттерине баам
салсак, “Конституцияны өзгөртпөш керек, Садыр Жапаровду бийликке жолотпош
керек” деген эки эле ураандын айланасында кеп улап келишет. 2010-жылдан бери
президенттик шайлоолорго калтырбай катышып келе жаткан, учурда негизги 2
талапкердин бири Адахан Мадумаровдун буга чейинки чогулткан добуштарына да
сереп салып койсок. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо 14,77 пайыз добушуна
ээ болсо, дагы бир талапкер Камчыбек Ташиев 14,32 пайызга ээ болгон. 2017-
жылкы шайлоодо Мадумаров 6,57 пайыз добушка эптеп илинген. Демек, Адахан
Мадумаровдун эң көп топтогон добушу учурдагы негизги талапкер Садыр
Жапаровдун санаалашы Камчыбек Ташиевдики менен дээрлик бирдей экенин
эске алсак, бул шайлоодогу тараза ташы кай жакка оорун алдын ала эле
боолголоп койсок болчудай.

Ташманбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору:
— Бизде президенттик шайлоо болгон сайын талапкербиз дегендер жер жайнап
чыгышат. Көбүнчөсү атың чыкпаса жер өрттө дегендер. Кээ бирлери бар, саясий
имджин көтөрүүнү каалашат. Андан чоңураак, салмактуураактары өтө турганы
менен соодалашат. Мисалы Канатбек Исаевге окшогондор. Ал эми жанагы артист-
мартист, Мотуев-сотуев дегендер «Биз деле барбыз» — деп жөн эле элдин көзүнө
көрүнүп коелу дегендер. Утам деп чындап, шайлоого даярдык көрүп жатканы
Адахан Мадумаров. Бирок анын бул ирет деле утуп кетүү шансы Садыр
Жапаровго караганда азыраак. 5 киши чогулган жерде 4 киши Садыр Жапаровду
колдойм деп жатканы – учурдун реалдуулугу болуп калды. Аны Мадумаров деле
өзү көрүп, билип, угуп жатса керек.

Кубат Чекиров, журналист
— Эми президенттикке талапкерлигин койгондордун максаттары ар кандай. Мен
аларды 3 топко бөлөм: көпчүлүгү саясий рейтингин көтөрүп, кийинки шайлоонун
камын көрүп жаткандар, өздөрүн пропаганда кылып, жарнама жасап алгысы
келгендер. Мисалы Арстан Алай. Дагы бир тобу саясий оош-кыйыш абалда кол
тийбестик макам алууну максат кылышат. Президенттикке өтпөшүн билишет
бирок, негизги талапкер менен кийинки саясий карьерасын соодалашат. Үчүнчүсү
чындап эле Президенттик кызматты мелжеп жаткандар. Алар аягына чейин
кармашат. Бирок бизде жалаң эле электораттын каалоосу менен маселе
чечилбейт. Талапкердин каржылык мүмкүнчүлүгү, шайлоо өнөктүктү туура алып
барышы жана башкысы тышкы колдоого ээ болушу. Эч кимге жашыруун эмес,
президент болчу негизги талапкерлер Кремлдин сынынан өтүп, колдоосуна ээ
болушу керек. Тилекке каршы бул ачуу чындык.

Сагынбек Абдрахманов, коомдук ишмер
— Акыркы жылдары кыргызстандыктар саясатчылардан, бийликтин кайсы бир
бутагында жүргөндөрдөн кадимкидей иренжип калды. «Эл дүрбөсө эшек кошо
дүрбөйт» болуп, алына карабай талапкерлигин коюп алгандардын түпкү максаты
эмне экенин, эмнени каалап жаткандарын билип эле турат. Ошондуктан жанагы
жайнаган талапкерлерге анчалык көңүл буруп, олуттуу мамиле деле жасашкан
жок. Бийликте, саясатта жүргөндөргө эл арасында негатив өтө күчтүү. Ушундай
абалда Садыр Жапаровдун мүмкүнчүлүгү жогору болуп утрат. Анткени ал көп
жыл саясий куугунтукта болду, түрмөдө жатты. Элдин боорукер сезимтал мүнөзү
дал ушул талапкерге оңтойлуу болуп турат.

Булак: Жебе.кж