Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бардык күчтөрдү бириктирип, биз ковид-19 жана пневмония менен күрөшүүнү улантып жатабыз.
Самсун шаарынын мэриясы Бишкекти колдоп, бишкектиктерге 180 миң медициналык бет кап белек кылды. Гуманитардык жардамды ташууну Түрк Кызылайы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому өз мойнуна алышты.
Эске салсак, 2013-жылдын 1-ноябрында Самсун шаарында Бишкек шаары менен Самсундун ортосунда туугандык байланыштарды түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
Бишкек шаарынын мэриясы Самсун шаарынын администрациясына пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.