“Садыр Жапаровдун бабасы Бирназар бий, көп балалуу, өтө кадыр барктуу адам болгон”, — дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов. Ал Жапаровдун ата-теги жөнүндө өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

“Садыр Жапаровдун ата-теги. Архивдик жаңы табылгалар.

Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу анын атасы Мусталый уулу Нургожо ажы «Кыргыздын сыры санжыра» аттуу эмгегинде кеңири жазган. Андыктан анын ата-теги тууралуу санжыралык маалымат буга чейин эле белгилүү. Мен ары тереңдебей эле Белектен беркисине токтолоюн. Жамангул баатырдын уулу Белек Коңурат уруусунан чыккан Бөрү баатырдын көмөгү менен өз кезинде, ХYII кылымдын аягында Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнү тарыхта белгилүү. Белектин уулу Алдаш да санжыраларда бий болгону айтылып келет. Андаштын уулу Бирназар да өз элинде бий болгонун өз кезегинде орус басма беттеринде жазылып калган. Ал тууралуу жакында эле белгилүү агартуучу, Тилекмат акенин урпагы Мурат Жетимишбаев:

«Тарыхый булактарга көз салып көрсөк, Садыр Жапаровдун чоң бабаларынын эң атактуусу, бугулардын манапы Бирназар бий жөнүндө орустардын 1890-жылдарда чыккан «Семипалатинские областные ведмости», журналында жазылган. Анда жазылгандай орустун этнограф изилдөөчүсү Аристов тээ 1785-жылдарда эле орустун дагы бир саякатчысы капитан Андреевдин бугунун манаптары менен жолукканын төмөндөгүдөй жазган. «(мы встретились) бугунский волось со старшиной Бирназар-бием… Этот Бирназар бий должен быть тот самый, который, который, по преданияем, слышанным г.фон Греном (1877) привел богунцев (бугу) на Иссык Куль из ферганы после падение цзцнгаров (жунгар)»,-деген. Бул жерде капитан Андреев Бирназар бийди салыштырмалуу кана «волостун старшинасы» деп жазып койгон. Чындыгында ал кезде көлдүк бугулар орустарга кошула элек болгондуктан, бизде болуштук жок болчу, жөн гана журт башчылары болушкан. САДЫР Жапаровдун бабасы Бирназар бий, көп балалуу, өтө кадыр барктуу адам болгон. Өз балдарынан тышкары, анын асырап алган балдары да көп болгон. Бирназар айтылуу чечен Тилекмат Акенин атасы Жылкыайдарды да багып алып, аны жакшы тарбиялап өстүргөн» — деп өз постуна жазып чыкты.

Бирназар бий Көлдөгү эң атактуу инсандардын бири катары каза болгондо туугандары 2-3 айлап жол жүрүп, сөөгүн Түштүккө, бир айтылышта айтылуу Арсланбапка, дагы бир маалыматта Жалал-Абаддагы Азрет Аюб мазарына коюлганы айтылат. Ошентип Садыр Жапаровдун жотосу Бирназардын сөөгү Түштүккө коюлган. Ал өзү да калмак жапырыгы кезинде Түштүктө жашап, кийин күчтөнүп келип Ысык-Көл өрөөнүн каламактардан бошотууга жетекчилик кылганын ага жолуккан орус саякатчылар жазып калтырган.

Мына ушул сөөк коюудагы жол азабынан кийин Мойт аке: «Менин сөөгүмү Манжылыга койгула, менден кийинкилердин бардыгы Көлгө коюлсун» деген мурасын калтырган. Мойт акенин керээзи боюнча кийинки белгилүү инсандардын, журт башчылардын сөөктөрү Көл жээгине коюла баштаган. Бирназардын уулу Алыбай да бий болуп, азыр анын урпактары Көлдө Алыбайлар деп аталат. Алыбайдын уулу Солтонкул өз кезинде Бугунун эң бай, нарктуу адамы болуп, санжыраларда миң жылкылуу Солтонкул аталып келет. Анын жылкылары Түп суусунан бир мезгилде ичкенде агып жаткан суу акпай соолуп калаары санжыраларда аңыз катары айтылып келет.

2015-жылы 30-июлда Алматыдагы Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивинде иликтөө ишимди улантып жүргөн кезимде ушул Солтонкул Алыбай уулу тууралуу да документтер колума тийди. Бул документте Ысык-Көлдөгү Бугу, Саяк урууларына болуштук башкаруу киргизилип, анын алгачкы болуштары, айыл старчындары дайындалган. Алардын арасында Султанкул бин Алибай 1865-жылы Бирназар уругунун алгачкы болушу болгонун тастыктаган документ да бар. Анын көчүрмөсү жана мөөрүнүн сүрөтү менен менин колумда сакталуу жана аларды сиздер менен бөлүшүп жатам. Бул мөөрлөрдүн 5-си айтылуу Солтонкул болуштун мөөрү. Анда Султанкул бин Алибай деп жазылган.

Мен бул маалыматтарды Алматынын архивинен иликтеп, көчүрмөсүн алып жатканда Садыр Жапаров түрмөдө жаткан. Менден эч ким суранган да эмес, тарых үчүн керек деп мындан башка да Бугу, Саяк урууларынан чыккан алгачкы болуштардын тизмесинин көчүрмөсүн алгам. Солтонкулдун уулу Көчкүн, анын уулу Жапар тууралуу да Алматынын архивинен кененирээк маалыматтарды тапса болот. Бирок азырынча аларга колум жете элек. Бабасы Жапар 1916-жылы Үркүндө Кытай жергесине качып барган жана 1917-жылы каза болгону айтылат. Садыр Жапаровдун чоң атасы Мусталый да (1900-1988-жылдары жашаган) Үркүндүн оор азабын өз башынан өткөргөн. Ал эми атасы Нургожо тууралуу бардыгыңыздар жакшы билесиздер.

Белгилүү журналист иним Ибраим Нуракун уулу 27-ноябрда өткөн Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган илимий конференция учурунда алган маегинде Садыр Жапаров тууралуу Алматыдан архивдик документтер колума тийгенин учкай айткандан бери аны эртерээк жарыялоомду суранып кайрылгандар көп болду. Көпчүлүк кайрылуулардан улам учкай болсо да ушул маалыматты сиздер менен бөлүшүп койдум”, — дейт тарыхчы.