КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов жарандык активист Адил Турдукулов баштаган “Саясий репрессияларга каршы комитетинин” саясий туткундарга адилет сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо боюнча кайрылуусун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

«Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жалпы иш-аракеттери өлкөбүздө мыйзамдуулукту орнотууга жана мамлекеттин Конституциясында белгиленген жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинде сотто коргоосуна бирдей укукту камсыз кылууга багытталган.

Ошону менен бирге Конституцияда жана башка мыйзамдарда Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырарын, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынгандыгы белгиленген.

Кыргыз Республикасында сот адилеттиги мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигинин негизинде жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле соттор сот бийлигин өз алдынча, кимдир бирөөнүн эркине карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, процесстик жана башка мыйзамдарга гана баш ийүү менен жүргүзүшөт.

Кайрылууда көрсөтүлгөн саясатчылардын соттук иштери азыркы учурда сот тарабынан кароо стадиясында турат, тергөө учурунда топтолгон материалдарга укуктук баа берүү белгилүү бир убакытты талап кылат.

Бул соттук иштерди кароодо судьялар тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгон учурда, кызыкдар тараптар судьяларга карата чара көрүү маселелери боюнча түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына кайрылууга укуктуу.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевдин иштери таза саясий өңүттө болгон.

2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолордон кийин Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев өздөрүнүн сотто коргоого болгон конституциялык укуктарынан пайдаланып, тиешелүү арыздар менен кайрылышкан. 5-6-октябрдагы окуялардан кийин башаламандыктарды токтотуп, өлкөнү укуктук талаага тез арада кайтаруу зарылчылыгы турган.

Ал эми сот процесстик мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө ишти кайрадан жаңы ачылган жагдайлар менен карап чыкканы маалым»?- дейт Нургазы Анаркулов.

Булак: NazarNews.kg