Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйыл майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаага үч жаңы жылдык балатыны орнотууга киришти. Алар «Ала-Тоо» борбордук аянтына узундугу 25 метр, Ак үйдүн жанына узундугу 15 метр жана Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына узундугу 11 метр болгон балатынын каркастары тургузула башталды.

«Орнотууга 30 кызматкер тартылган, монтаждоо иштери үч күндө бүткөрүлөт. Андан кийин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыны кооздоп баштайт. Ишкананын кызматкерлери шаарды кооздоп баштады, ушул тапта шаардын башкы жарыктандыруучулары Чүй проспектисин, Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкты кооздоп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Абдрахманов көчөсү жана Манас проспектиси фейерверк түрүндө жаңы жылдык инсталляция менен кооздолот.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатылар мурунку жасалгалар менен кооздолот.