ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн 19-кеңешмесинде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Ошондой эле Артем Новиков өз сөзүндө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүк ташууларды үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштөө маселесине өзгөчө басым жасады.

«Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну ишке ашырууда «жашыл коридорлор» механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кирүү жана чыгуу тартибин жана процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайт», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, премьер-министрдин м.а. санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере алат.

Андан соң премьер-министрдин м.а. ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен кооперацияны өнүктүрүүдө кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи, бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө, жумушсуздук деңгээлин кыскартууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элинин бакубаттулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Артем Новиков кыйын кырдаалда өз-ара колдоо көрсөтүү жакшы коңщулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берээрин белгиледи.

«Учудагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними», — деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.