2020-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Кулжа райондук милициянын көчмө кабылдамасы атайын түзүлгөн графиктин негизинде райондун алыскы аймактарында тактап айтканда, Чалма айыл аймагынын Буйга айылында, Кеңеш айыл аймагынын Алтын-Күрөк айылында жана Кара-Кулжа айыл аймагынын борбордук соода базарында, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана «COVID-19» илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында жергиликтүү элдерге алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Милициянын мобилдик кезметтери көчөлөрдө жана коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөлөрүн уюштуруу, бардык маселелер боюнча ИИОнун имаратынан алыскы айылдарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн арналган.
Жалпысынан милициянын көчмө кабылдамасына бир күн ичинде суу, жер, электр тармактарынын ишмердүүлүгү боюнча 6 арыз түштү.
Азыркы күндө жогорудагы маселелер боюнча жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациясына сунуштар жиберилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы