Бүгүн, 1-декабрда Бишкектин айрым конуштарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Көк-Жар, Алтын-Ордо, Ак-Босого конуштарынын төмөнкү көчөлөрүндө жарык жок болот:

Саат 09:00дөн 13:00гө чейин Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү Павлов көчөсүндө, саат 09:00 – 17:00гө чейин Ак-Босого конушунун Чүй 48, 49 көчөлөрүндө, Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Чүй/Турусбекова көчөлөрүндө, саат 09:30 – 12:00гө чейин Рухий-Мурас конушунун 1-көчөсүндө, саат 09:30 – 13:00гө чейин Көк-Жар конушунун №21-23, 23/2,38 темир жолунда, саат 09:30 – 18:00гө чейин Арча-бешик конушунун Жаз, Алтын-Бешик, Бердибаева, Сулуу-Төр, Бишкек-125 көчөлөрүндө, саат 09:40 – 17:00гө чейин Осмонкул, Жумабек, Щербаков, Орозбеков жана Изюмский көчөлөрүндө, саат 11:00 – 17:00гө чейин Алтын-Ордо конушунун 2-көчөсүндө, саат 12:00 – 15:00гө чейин Рухий-Мурас конушунун Анкара көчөсүнүн 3төн 5-көчөгө чейинки аралык, саат 15:00 – 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушунун 5-көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт.