30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде “Манас таануу” лекциясы өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү — Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов ачып, иш-чаранын максаты тууралуу билдирүү жасап, демилгечи катары уюштуруп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ыраазычылык билдирди.

Иш-чара жаш манасчы Нурбек Талантбековдун катышуусу менен өттү.

Жаш манасчы лекциянын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, эл аралык мамилелер жана “Манас” эпосунун эл аралык мамилелердин орду жана ролу тууралуу кеңири айтып берди.

Эске салсак, аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен башталып, бардык мамлекеттик органдардан колдоо тапкан.

Бул саамалык 2020-жылдын 17-ноябрында башталып, учурда 25тен ашуун мамлекеттик органдарда өттү.

Учурда ушундай эле иш-чараны Маданият министрлиги аймактарда өткөрүүнү пландап жатат.