Коронавирус пандемиясы жакынкы айларда токтойт деп күтүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович билдиргенин “Известия” басылмасы жазды.

“Коронавирус пандемиясы бир нече айда бүтө калчу нерсе эмес. Бирок аны жеңүүгө аракет кылышыбыз керек”, — деген ал.

Вуйнович иммунитеттин деңгээли жетиштүү болгондо гана пандемиянын мизи кайта турганын божомолдогон. Ошондой эле ДССУ коронавирустун вакцинасы жакын арада даяр болуп каларына үмүт артып жатканын кошумчалаган.

“Коронавирус башка вирустар сыяктуу эч кайда кетпей турганына адамдардын көздөрү жетип, ага көнө баштаганда гана пандемия соңуна чыгат”, — деген адис.

Ал аталган вирус менен жашоого көнүү зарылдыгына токтолуп, бирок ага баш ийбей күрөшүү керектигин белгилеген.