Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамилелердин жана өспүрүмдөрдүн кечки убактарда ата-энелердин коштоосу жок жүргөндөрдү аныктоо максатында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.


Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө атайын кечки рейд уюштурулуп, рейд учурунда жалпы 12 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, бөлүмгө алынып келинип, ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаш өспүрүмдөр ата-энелерине тапшырылып берилди.
Ошондой эле, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы балдар менен иштөө комиссияга чара көрүү максатында 1 материал жана тиешелүү мекемелерге сунуш каттар жиберилди.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана көп балалуу 3 үй-бүлөгө Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерлери тарабынан кышкы жылуу кийим-кечек алынып берилди.
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы