Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамалекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

“Бишкекте 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус оорусу азайган учурда мектептер үчүнчү чейректен баштап кадимки тартипте иштей баштайт”, — дейт ал.

Кундашев борбор калаадагы жеке мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режиминде окутуп жатканын эскертип кетти.