2019-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 8 миңге жакын адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (85 пайыз) – аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылы социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын саны

Кайрылгандардын саны алардын ичинен үй-бүлөдөгү (үй) зомбулук фактылар боюнча кайрылгандар
бардыгы аялдар эркектер бардыгы аялдар эркектер
Кайрылгандардын саны 13 867 10 771 3 026 7 818 6 628 1 190
   анын ичинде:
   аксакалдар сотуна 3 341 1 703 1 638 1 095 598 497
   кризистик борборлорго (ассоциациялар) 9 757 8 805 952 6 687 6 006 681
   кайрымдуулук, коомдук фонддорго 758 256 502 32 23 9

 

Үй-бүлөдөгү (үй) зомбулук фактылардын саны

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы 2015-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин санынын 1,7 эсеге өсүшү белгиленген. Эң олутуу өсүш (2 эсе) 2017-жылы белгиленген, бул ички иштер органдары баа берүү критерийлерине коргоо ордерлерин киргизүүнүн натыйжасында болду.

Үй-бүлөдөгү (үй) зомбулук фактылары боюнча козголгон кылмыш иштери жана сотторго жиберилгендердин саны

 2019-жылы 2015-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштерин кароо үчүн козголгон жана сотторго жиберилген кылмыш иштеринин саны 2,7 эсе өскөн, бул негизинен ден соолукка жеңил жана анча оор эмес зыян келтирилген учурлардын санынын көбөйүүсүнүн эсебинен болду.

2019-жылы республиканын ички иштер органдарынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 7 045 жоруктар катталган, алардын 70% ашыгы үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары болгон.

2019-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрүлөрү боюнча катталган жоруктардын саны

 

2019-жылы катталган жоруктардын үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары жана аймак боюнча саны

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун эң көп учурлардын көпчүлүгү Бишкек (42%), Чүй (20%) жана Ош (11%) облустарында болгон.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).