Сазыкбай Турдумалиев бүгүн, 1-декабрда алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн берген документтерин кайтарып алуу үчүн БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турдумалиев шайлоого катышуу үчүн “Улутман” республикалык партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, учурда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 46га түштү.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.