2020-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасынын негизинде атайын комиссия түзүлүп, министрлик тарабынан берилип келе жаткан шашылыш билдирүүлөргө жана киргизилген чектөөлөргө карата Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол коопсуздугун камсыз кылган кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жана алардын кышка даярдыгы жеринде текшерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун “Сосновка” постунан Токтогул районунун “Арал” постуна чейин ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын тейлөөсү боюнча кышка даярдыгы, атайын техникалардын даярдыгы жана жолго чачуучу инерттик материалдардын көрөңгөсү каралды.
Көйгөйлүү маселелердин бири болуп, жол тазалоочу атайын техникалардын жетишсиздиги, жолго кум чачуулар колго жүргүзүлүп жаткандыгы, инерттүү материалдардын ыкчам чачылбай калганы, атайын кум чачуучу техниканын жетиштүү санда жоктугу саналат. Мындан тышкары, оор жүк ташуучу автоунаалардын кышкы мезгилге карата толук өткөрүлбөгөн. Мисалга алсак, ашуулардан чыга албай калган кээ бир оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жайкы дизелдик май колдонуп жаткандыгын билдиришкен. Аталган факторлор бүгүнкү күндө жол тыгындын пайда болушуна түздөн-түз себеп болууда.
Мындан тышкары, комиссия кыш мезгилинде кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу унаа жол жабылып калган учурда “Сосновка” жана “Арал” постторундагы ӨКМ тарабынан коюлган тамак-аш берилүүчү жана жылытуу пунктардын даярдыгын көрдү: текшерүү учурунда “Арал” постундагы жылынуучу пункт толук кандуу даяр эместиги аныкталып, тез арада кемчиликтерди жоюу иш-чаралары аткарылды. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү министрлик, ведомстволорго кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.
Бишкек-Ош стратегиялык маанидеги жолундагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу максатында ӨКМ тарабынан төмөндөгүдөй иш-чаралар уюштурулган;
— 129-чакырымында (Төө-Ашуу) ӨКМдин бир даана Урал үлгүсүндөгү сүйрөткүч нөөмөткө коюлган, максаты – оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, жол тыгын болтурбоо үчүн жолго сүйрөп чыкканга;
— 154-чакырымында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруу бөлүгү жол кырсыгы, өзгөчө кырдаал катталганда тиешелүү авариялык-куткаруу иштерин аткарууга нөөмөттө турат;
— 238-чакырымында “Итагар” кар көчкү станциясында КАМАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, министрликтин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучу тобу нөөмөттө турат;
— “Сосновка” постунда эки бирдик 1 бөлмөлүү мобилдик турак-үйдөн жылынуучу, тамак-аш берилүүчү пункту орнотулган;
— “Арал” постунда эки бирдик 2 бөлмөлүү мобилдик турак-үйдөн жылынуучу, тамак-аш берилүүчү пункту түзүлгөн.
Урматтуу айдоочулар, эгер сиздер тоолуу унаа жол менен алыскы сапарга чыгууну мерчемдеп жатсаңыз, сөзсүз турда аба-ырайына көнүл буруу, зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү убактысында жолго чыкпоону сунуштайбыз.
КР ӨКМнин Басма сөз кызматы