Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдагы жоугушуусунан соң, кытай тарап аркылуу «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарап жумушчу убакытты 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.
Автотранспорттун санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал. Элчи ошондой эле «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын маалымдады.
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеши боюнча Элчи белгилегендей, аталган өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү аба-ырайынын шарттарынан көз-каранды жана көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышы коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу алкагындагы кытай тарап аркылуу кабыл алынган чараларга, ошондой эле өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдүн өтүүсүнүн өзгөчө алгоритми менен түздөн-түз байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кытай Эл Республикасынын Элчисине кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кытай тарап аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.
«Биз тараптан бардык тийиштүү кызматтар кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүлөт. Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу пандемия учурунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрине ишенем. Товарларды ташууну уюштурууда бардык тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар сакталат», — деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Жыйынтыгында Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча Өкмөттүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө кытай кесиптештери менен ВКБ режиминде аталган пункттун ишин биргешекен режимге өткөрүү боюнча кезектеги жолугушууну өткөрүүсү тапшырылды.