Көптөгөн адамдар бактысыз, анткени алар өздөрүн да, башкаларды да кечирбей жашашат. Кечире албастык, ичтеги таарыныч алдыга жылууга мүмкүндүк бербөөчү оор жүк. Андыктан адам эмне үчүн жана кантип кечире билүүсү керектигин психолог Самат Аалканов баяндап берет.
ӨЗҮҢДҮ КЕЧИРЕ АЛБОО – БУЛ ӨЗҮҢДҮ ЖОК КЫЛУУЧУ ПРОГРАММА
Идишке таза суу куярдан мурун анын ичиндегисин төгүп, жууп, анан таза суу куюу керек, туурабы? Эгер кир идишке таза суу куйсаң анда суу эмне болот? Киргил тартып калат. Эгер идиште суу толо болсо, анда ага суу куя албайсың. Биздин жан дүйнөбүз да идиш сыңары, андыктан аны убак-убагы менен жууп-тазалап, кайрадан таза суу толтуруп туруубуз керек.
Жан дүйнө идишибиз таза болуусу үчүн жогоруда айткандай канчалык оор болбосун өзүбүздү буга чейинки кетирген катачылыктарыбыз, күнөөлөрүбүз үчүн кечирүүбүз кажет. Өзүн кечире албоо – бул өзүңдү жана жан дүйнөңдү бузуучу негативдүү мамилени өзүңө калыптандыруу. Өзүңдү жок кылуучу программа. Кээ бирлер суицидге барып жатканы да ошондон. Эгер адам өзүн кечире албаса, ал күнөөсүн ката катары кабылдагысы келбегендиги. Анда өзүн күнөөдөн тазалай да, катасын акыр аягына чейин оңдой да албайт. Эгер ката катары кабыл алса, анда аны оңдоого, кайра кайталабоого болот.
ООРУ ЖАРАЛАТ
Күнөө сезимди сезе билип, андан кутулбаса, оорулар жараларын окумуштуулар аныкташкан. Мисалы, ичтеги таарыныч, уяты уктатпоочулук, өзүн күнөөлүү сезүүдөн рак жаралат дешет.
ӨЗҮН КЕЧИРҮҮ ЖОЛУ
Өзүн кечирүү жаатындагы жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз. Бул үчүн ээн бөлмөдө ыңгайлуу отуруп ишке киришиңиз. Ээн, жашыл токой арасында отурам деп элестетсеңиз андан сонун!
1-кадам: КҮНӨӨНҮ КАБЫЛ АЛУУ
Кетирген катаңызды, күнөөңүздү эстеп, «ооба, менин баланча окуяда, иште өзүмдүн алдымда же баланчанын алдында күнөөм бар, аны моюндайм» деп так айтуу, аны чын жүрөктөн кабылдоо керек.
2-кадам: КҮНӨӨ КЕТИРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРГЕН ФАКТОРДУ, ЖАГДАЙДЫ ТАЛДОО
Биздин жашоого көз карашыбыз, тарбиябыз бала чактан баштап түптөлөт. Андыктан ката кетирип, күнөө кылууңузга кандай факторлор жана кандай жагдайлар жол бергенин талдап чыгыңыз:
Мүмкүн ата-энеңиз сиз үчүн баарын чечип, өз алдынча чечим чыгарганга көндүргөн эмес.
Өтө тарбиялуу болуп чоңоюп, ак-каранын тирешине даяр эместигиңиз.
Жагдайга жараша арты кандай болорун аңдап билбей ачууга алдырып ийгенсиз.
Кеңеш айтчу адамыңыз жаныңызда болбогон.
Шашылыштан туура эмес чечим чыгаргансыз жана башка.
Демек, ката кетирген кезде сизге башкача чечим чыгарганга мүмкүн эмес эле. Азыр ушул кезде ошондой ката кетирет белеңиз? Албетте, жок деп айтасыз. Демек, өзүңүздү кечиргенге негиз бар.
3-кадам: КҮНӨӨ СЕЗИМИ ЖАРАТКАН ТОСКООЛДУКТАР
Эми «өзүмдөгү күнөө сезими мага кандай тоскоолдук, маселелерди жаратып жатат?» деп талдаңыз. Мисалы:
Канча аракеттенбейин ийгиликке жетпейм.
Күнөөмдөн улам өзүмдү төмөн сезип, өзүмдү сыйлабай, элден качып баштадым. Өзүмө болгон ишеничим жоголду.
Кийинки кезде мени башкалар башкарып, мен үчүн чечим чыгара турган болушту.
Менде жакшы мамилеге, жакшы жашоого татыктуу эмесмин дегендей көз караш жаралды.
Өзүмдү ичтен жеп, кемире берем. Ичимдеги уятым менен чатакташа берип, ачуулуу болуп калдым. Мендеги негативдүү энергияны үй-бүлөмө, чөйрөмө чачып жатам.
4-кадам: КҮНӨӨ СЕЗИМДИ ДЕНЕ МЕНЕН СЕЗЕ БИЛҮҮ
Бардык адамдар күнөө сезимин денесинин кайсы бир бөлүгү менен сезет. Алар: башыбыз, жүрөгүбүз, ичибиз.
Ичибиз менен сезсек, анда качандыр бир кезде бизде жашоого, өлүмгө коркунуч болгон. Мисалы, бирөө «мен жакшы аракет кылбай (апасы же дагы башка жакыны) каза болуп калды» десе, дагы бирөө «автокырсыкта жанымдагылар кайтыш болуп, мен эле тирүү калдым» деп өзүн күнөөлөйт.
Жүрөгүбүз менен сезсек, анда эмоционалдык жаракаттар (уялуу, коркуу, нес абал). Мисалы, бирөөнүн акчасын же буюмун уурдап жатып корккон. Ошондон бери ошого уялып, мен жаманмын деп өзүн күнөөлөп келет.
Башыбыз менен сезсек, анда адеп-ахлактык жактан кетирген күнөө. Буларды кылуу, а буларды кылбоо керек деген чектөө, тыюуларга кара.