Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге Конституциялык палата “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын, адвокаттар Таалайбек Усубалиевдин жана Нурбек Касымбековдун пайдасына чечим чыгарып, кайра шайлоону кийинкиге жылдырууну мыйзамсыз деп тапса, БШК кайра шайлоону дайындай турганын түшүндүрдү.

“Мыйзамга ылайык, добуш берүү күнү февраль айынын биринчи жекшембисине туура келет” – деди ал.

Кайрат Осмоналиев Конституциялык палатанын чечимин жокко чыгарууга сот дагы, Жогорку Кеңеш дагы укуктуу эместигин эске салды.