Белгисиз адамдар капчыгайга асып кетишкен нарындык жигит 4 бир тууган болгон. Анын атасы Өмүрбек Жумабаев жергиликтүү басылмалардын биринин аймактык кабарчысына уулу Эсен менен болгон акыркы жолугушуусун айтып берди.

Акыркы жолугушуу

Уулум Эсен Балыкчы шаарында курулушта иштеп жаткан. Айдап жүргөн унаасын ижарага алган болчу. Аны болсо ээсине өткөрүп бермек. 5-ноябрь күнү келип: «Ата, мага тыйын бериӊиз. Мен бул унааны бир сыйра жасап, унаа жуучу жайга киргизип, анан ээсине тапшырайын» деди. Эртеси, 6-ноябрь күнү менден 10 миӊ сом алып, «Кудайберген» базарына кетти. 1,5 саатта эле келем деген. Ошол бойдон кайтып келген жок.

Көп өтпөй унаанын ээси келип, «балаӊыз албай жатат. Телефонуна чалып, билип бериӊизчи» деди. Анан балама чалып, унаанын ээси күтүп жатканын айтсам, жарым саатта барып калам деди. Ошентип түш болуп кетти. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Сарсаана болуп, «Кудайберген» базарына барып, уулумду издеп таппай койдум. Үйгө келсем, унаанын ээси кетип калыптыр. Биз баарыбыз сарсанаа болуп, досторуна, тааныштарына телефон чалдык. Баары теӊ көрбөгөнүн айтышты.

Сырдуу кат

Эсенден кийинки уулум телефондогу катты окуп, ыйлап жиберди. Эмне болгонун сурасак, каза болгон уулумдун Кочкордогу классташына, Эсендин сүйлөшкөн кызынан кат барыптыр. Ал катты классташы бул уулума (Эсендин иниси) жөнөткөн экен. Катта Эсендин өлүп калганы айтылып, «сабырдуу болгула» деп жазылыптыр. Ал сүйлөшкөн кызына ким жөнөткөнүн сурасак, ага кимдир бирөө белгисиз номур аркылуу жазып жөнөтүптүр.

Үмүт

Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө бардык. Ал жакта түнкү саат 03:00гө чейин болдук. Унаанын сүрөтүн да бердик. Милиция кызматкерлери бардык жакка билдирүү жиберишкенин айтышты. Анан аман-эсен табылып калар деген үмүт менен үйгө кеттик. Эртеси ЖКККБда иштеген айылдаштарга телефон чалсак, алар унаа айып пул төлөөчү жайда экенин айтышты. Анан жүрөк ылдыйлай түштү. Унаасы камакта болсо, анда бир нерсе болуп кырсыктап, коркуп жүрөт го деп ойлодук. Унаасы шаардык ЖКККБнын унаа токтоочу жайында экен.

Табышмактуу күн

Көрсө ошол күнү уулум «Кудайберген» базарынан бир баланы сүзүп алган экен. ЖКККБнын кызматкерлери унаасын убактылуу жайга токтотуп, паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн алып, наркологиядан текшерүүдөн өткөрүшкөн экен. Андан чыгып, жабырлануучу жаткан №4 шаардык ооруканага барышыптыр. Тергөөчүлөрдүн айтымында, уулумду ооруканага беткабы жок киргизбей коюшкан. Уулумду туруптур дешип, тигил милиция кызматкерлери ооруканага кирип кетишиптир. Андан кийин алар сыртка чыгып эле уулумду таппай калышыптыр. Алардын айтымында, уулум качып кетиптир.

Бир нече кат

Биз бул окуяны угуп, уулубуз коркуп, качып жүргөн экен деп ойлоп, милиция, оорукана, жабырлануучу тарап менен сүйлөштүк. Андан кийин «баары жакшы. Коркпой келе бер» деп, телефонуна кат жазып жиберип жаттык. Ортодо жабыркаган баланын операциясы менен жүрдүк. Ал бала дагы, апасы дагы намаз окуган кишилер экен. «Кудайдын сыноосу. Балабызды бутунан тургузгузуп берсеӊер эле болду. Бул эми кырсык» деп түшүнүү менен кабыл алышты. «Биз айтканыӊардын баарын жасап, күнөөбүздү мойнубузга алабыз» деп айттык.

12 тергөөчү

Бирок уулубуз табылбай, күндөр өтүп жаткандыктан жалпы 12 төлгөөчүгө бардык. Баары теӊ уулумдун аман-эсен экенин айтып, окшош жоопторун берип жатышты. Бирок, алар айткандай тирүү болуп чыккан жок. Уулумдун буту-колу байланып, оозу скотчтолуп, тоо арасында жансыз денеси табылды.

Милиция кызматкерлери ачык түрдө суицид деп айтышпаса да, сөздүн төркүнүн ошого жакындатып жатышат. «Балаӊар симка сатып алып, сүйлөшкөн кызына кат жазган. Андан кийин аркан, скотчту алып, тоо арасына такси жалдап барган» деп жатышат. Биз буга ишенбей жатабыз. Суицид болгон киши колу-бутун өзү кантип байлайт? Оозун скотчтоп, андан кийин кантип асынып алат? Эмне себептен тоо арасына барат. Өлгүсү келсе шаардын бир жеринен деле асынып алса болмок да. Бул жагы табышмактуу болуп калды.

Кеңешчи

Уулум Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 2-курсунун студенти болчу. Ичинде кири жок, баладан башкача бала болчу. Окууну бүткөндө, күзөт кызматына кирем деп жаткан. Мени менен дайым ачык сүйлөшүп, кеӊешип турчу.

Эсендин сүйлөшкөн кызы делген Нуризат:
Мага кечинде чоочун номурдан Эсендин өлүп калгандыгы боюнча кат келди. Андан кийин ал номур өчүп калды. Эсен менен дос болчумун. Мен ал катты дароо Эсендин Кочкордогу классташ баласына жөнөттүм. Ал болсо Эсендин туугандарына жөнөтүптүр.

Буга чейин маркум 25-ноябрда Кочкор районунун Кара-Тоо айылында акыркы сапарга узатылганы маалымдалган.

Аталган жигит 9-классты аяктагандан кийин Бишкектеги автомобиль-жол колледжине кирген. Андан кийин билимин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде уланткан.

Маркум 4 бир тууган (эки кыз, эки уул) болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум 6-ноябрда «Фольксваген Гольф» унаасы менен үйүнөн чыгып, «Кудайберген» базарына унаа тетиктери үчүн барарын билдирген. Ошону менен үйүнө кайтып барган эмес.

Туугандары алгач аны менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок анын телефонуна эч ким жооп берген эмес. Алар маркумду достору менен чогуу болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Бирок алар тез эле Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан.

Туугандары көп өтпөй жигит жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин билишкен. Анын унаасы айып короого токтотулган.

21-ноябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн капчыгайындагы «Жылуу булак» санаторийинин аймагында эркек кишинин жансыз денеси асылып турганы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар маркумдун буттарын, колдорун байлап, оозун скотч менен чаптап, мойнуна аркан салып, даракка илип коюшкан.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, аталган окуя ИИМдин жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну О.Э. экени аныкталган.