Экономикалык кылмыштуулукка карыш күрөшүү кызматы 1 531 иштин бетин ачып, мамлекетке 2 млрд сомдон ашык каражат кайтарды.
Бул тууралуу аталган кызматтын бөлүм башчысы Бактыбек Сатканкулов “Биринчи радиого” билдирди.
Сатканкуловдун маалыматына ылайык, финансы полициясынын приоритетинде мамлекетке ири өлчөмдөгу зыян келтирген жана жогорку кызматтарды ээлеген чиновниктерге карата ири резонанс жараткан кылмыш иштерин тергөө жүрүүдө. Мамлекеттик кызмат адамдарына карата 330 сотко чейинки өндүруш ачылган.