Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айлынын жаштары жергиликтүү мечиттин имамына автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Аталган демилгени айыл тургундары көтөрүшүп, 21 жылдан бери имамчылык кылып келе жаткан Жолдошбек Өмүркановго ушундай таризде ыраазычылык билдирүүнү туура көрүшкөн. Ал үчүн жергиликтүү айылдын жаштары өз ыктыярлары менен каражат топтошуп, ага кошумча демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 170 миң сомго «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү уунаны алып беришти.

“Тилекмат айылындагы мечиттин имамы Жолдошбек Өмүркановдун эмгеги зор. Ал киши 1999-жылдан бери имамчылык кылып келет. Мындан улам айыл жаштары Жолдошбек имамыбызга ыраазылык билдирүүгө белсенишип, кыштын алгачкы күнү, 1-декабрда мынтип унаа белек кылып жатышат. Алла ыраазы болсун! Мындай алгылыктуу иш имамга да дем берип, дагы да жакшы кызмат кылып берет деген үмүт зор”,— деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында да Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын имамы Максат Тукубековго жергиликтүү айылдын жаштары өз ыктыярлары менен каражат топтоп, «AUDI C4» үлгүсүндөгү авто унааны белек кылышкан эле.