ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине эркинен ажыратуу жайында жайгашуучу «Б» аттуу жаран туруктуу кылмыштуу топту уюштуруп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенет деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРга катталып, Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 267-беренесинин  2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча сотке чейинки өндүрүш иши башталган.

ИИМдин БМЖККБнын Жалал-Абад облусунун кызматкерлери  УКМКнын ушул эле облустагы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте атайын тергөө аракеттерин жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында  “Б” аттуу жаран КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын түзөтүүчү мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1993-жылы туулган  А. уулу К. экендиги аныкталган.

А. уулу К. конфиденттер менен уюлдук телефон менен сүйлөшүп, баңги каражаттар байланышсыз жол менен, аларга белгилүү бир жерге коюлуп, анан берилерин көрсөткөн.

2020-жылдын 24-ноябрында түнчүндө атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында, Кетмен-Добо айылында шартталган жерде өсүмдүк табиятындагы кара куурай өзгөчө жыттанган каптагы заттар табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 кг 545 грамм жалпы салмакты түзүүчү марихуана баңгизаты болгон.

Андан ары өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2020-жылдын 25-ноябрында саат 9.40тар чамасында Кара-Кол шаарынан 30 000 сом акча каражатын алуу учурунда, Жалал-Абад облусунун тургуну,  1993-жылы  туулган Т. уулу А. кармалган.

Ошондой эле,  бул кылмышка тиешеси бар  КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын башка мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1985-жылы туулган  Ж.Р. аныкталган.

Мөөнөттөрүн өтөп жаткан экоо тең узак убакытка соттолгондор экендигин белгилей кетебиз. Азыркы учурда жашыруун жайды уюштуруучу жана бул кылмышка тиешеси бар жактарга карата, ошондой эле баңги каражаттарды мыйзамсыз өстүрүүчү жерди аныктоо боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы