Ош шаарында 2-декабрда жарандык коргонуу штабынын жыйынында кинотеатрлардын, интернет-клубдардын, ресторандардын жана балдар ойноочу жайлардын иштешине уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы зарыл жана жергиликтүү бийлик текшерүү иш-чараларын өткөрүп турат.

«Санитардык талаптарды сактоо менен иштешет. Эртең, 3-декабрдан баштап иштей баштаса болот. Санитардык талаптарын көзөмөлдөш үчүн рейддер болуп турат. Бул кызматтардан пайдаланыш үчүн имараттын ичине беткап менен кирүү зарыл. Ал эми массалык иш-чараларды өткөрүүгө январь айына чейин тыюу салынды», — деди Абсаттаров.
Мындан сырткары буга чейин киргизилген тамактануучу жайлар түнкү саат 12ге чейин гана иштесин деген чечим да жокко чыгарылган. Жогорудагы кызмат көрсөтүүчү жайлар Ош шаарында пандемияга байланыштуу 16-мартта жабылган.